Mahabat Alishova
Алишова Махабат Култаевна – филология илимдеринин доктору, профессордун м.а. Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин 1994 –жылы аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Кыргызстан Эл аралык университетинде окутуучулук кесиптен баштаган. Учурда Эл аралык Ала Тоо университетинин, магистратура жана Ph.d., дорторантура бөлүмүн жетектейт. 47 илимий макалалардын, 2 монографиянын, 2 усулдук китептердин автору. «Кыргыз эл жомоктору», «Кожожаш» кенже эпосун, А.Стамовдун «Ата» аңгемесин, С.Рыспаевдин «Умай бала» аттуу аңгемесин, Т.Жолдобаевдин «Актоко» повестин, өзүнүн калемине таандык «Асек» аңгемесин англис тилине которгон.
Филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн «Англис жана кыргыз тилдеринде дүйнөнүн тилдик сүрөтүн салыштырып изилдөө» аттуу темада доктордук диссертациясын 2021-жылы ийгиликтүү коргогон. Илимий кенешчиси: ф.и.д., профессор Караева Зина. «Котормо жана Семиотика» илимий мектебинин мүчөсү.
«Эл агартуунун мыктысы», «Кыргыздын алдыңкы айымы», «Офицердин жубайы», «Аксы районунун 90 жылдыгы», «илимдин мыктысы» төш белгилеринин ээси.
Чет элдик проектерде, программаларда катышуусу:
- Жыл сайын өтүүчү жапон мамлекетинин ТНТ (teachers helping teachers) мугалимдер мугалимдерге жардам) ассоциясынын мугалимдерди өркүндөтүү эл аралык семинарларды уюштурат жана катышат.
- 2014-жылы «Лидер» жаштар кыймылын негиздеген, бүгүнкү күндө кеңешчи.
- 2019-жылы Евроазиялык чыгармачыл Гильдия (Лондон) эл аралык уюмдун көркөм чыгарманы которуу номинациясына «Асек» аңгемесинин котормосу жеңүүчүсү деп табылып Брюсселде жана Парижде өткөн фестивалга катышкан.
- Эки уул, эки кыздын энеси.